Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагуловду “кустурса” болбойбу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Фермер Өмүрбек Абдрахманов жакында эле Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагуловду коррупцияга айыптап, олуттуу билдирүү жасаган. Убагында жаш мамлекетибизди, Кыргызстанды ушул экөө сазга батырганы, талкалаганы, аягында аксакал катары жасалма көрүнүшүп, жаштарга тескери үлгү жаратышканы кандай? Качанкыга чейин? Жалпы элибиздин да бул “аксакалдарга” маанайлары начар экен. Андыктан, Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагуловду ыңгайы келип турганда “кустуруп”, карапайым калк үчүн иштетип койсо болбойбу? Булар да учурунда “жеп-ичкен” катары бааланууда. Тарых, мезгил далилдеп атса, укук коргоо органдары тек турабы? Күтөбүз…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg