Матчествонун артындагы чоң маселе

Матчествонун артындагы чоң маселе

11-теке, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Асман шаарынын талкууланышын жарандык активист Алтын Капалова да көтөргөн.  «Күкүк » аталардан төрөлгөн балдарды атасына эмес апасына каттап, матчествону киргизүү сунушу болуп көрбөгөндөй талкуу жаратты. Керек болсо мамлекеттик катчыбыз баш болуп бул нерсеге түп тамырынан каршы экенибизди билдирдик. Чындап эле тукум деген атанын атынан айтылып, атанын атын чыгарат го. Бул жерде катуу эмоцияга алдыргандарыбыз Капалова өлкөдөн чыгып кетсин дегенге чейин бардык. Чындап эле эзелтен келе жаткан салтыбыз-наркыбыз боюнча укум-тукум атанын атын чакырат. Бул талашсыз аксиома. Бирок эмне үчүн бул маселе жөн эле көтөрүлбөй ушундай оң -терс катуу пикирлерди жаратты?  Эч кандай сезимге алдырбай туруп кичине ой жүгүртүп көрөлү. кийинки мезгилде өлкөбүздө ата мээрими түгүл анын ким экенин билбей чоңойгон тукум көбөйүп бараткандыгы жалганбы?! Жөн эле байланыша калып эле эмес кадимки эле никеге туруп бала төрөлгөндөн кийин эмне болсоңор ошо болгула деп аталары таштап кеткендер көбөйүп баратпайбы. Демек коомчулуктун жерүүсү аркылуубу же мыйзамдык жол мененби жараткан баласын карабай кеткен аталарга чара көрүү маселеси эчак эле бышып жетилген. Ошондой катуу чара менен гана жактырган аялындан жөн гана бала жаратып койбостон аны өстүрүп тарбиялоо милдетин да ал деген жоопкерчиликти катуу киргизүү зарылдыгы бышып жетилгендигин жашоо турмушубуз толтура фактылар менен кашкайтып көрсөтүп жатпайбы? Өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлогон андай ата сөрөйлөргө эмне кылышыбыз керек? Аларды кантип аныктап тактап бала үчун милдетин ала алгыдай кыла алабыз. Бул сыртынан оңой көрүнгөнү менен бир топ эле татаал маселе. Ошондо ата-жотосун, арылап айтканда улутун сыйлаган урпактардын өсүп жетилишине дуушар болобуз дегендер жок эмес. Ошондуктан мейли никеде болобу же ар кандай жагдайдан улам никесиз наристелүү болдубу жараткан тукуму үчүн чоң жоопкерчиликти мойнуна тартынбай ала турган аталарды кантип тарбиялап көбөйтөбүз. Ошондо гана өзүмчүл болбой башкалардын тагдырын өзгөчө мекенин ойлогон жеткинчектер пайда болот эле деген пикирлер элдин акылман сөздөрүндө да илим билимде да арбын. Демек атасыз чоңоюп жаткан тукум үчүн аялзатын гана күнөөлөй бербей эркектердин да жоопкерчилигин көтөрүү маселеси бышып жетилди. Бирок… бул жакшы идеяны кантип ишке ашырабыз…?

Булак: Аргумент.кж