
Машыктыруучу Таркович: Беттештин жыйынтыгына аябай капа болдум
17-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБеттештин жыйынтыгына аябай капа болдум. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Штефан Таркович билдирди.
Анын айтымында, курама команда үч гол киргизип, атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жаратты.
«Ушунча гол киргизгенден кийин, натыйжада упайларга жетпей калганыбыз абдан капаландырат. Бул беттеште көбүрөөк учурларды ишке ашыра алмакпыз. Оюнга физикалык жана тактикалык жактан жакшы даярдаган болчук. Биздин команда каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк кооптуу учурларды жаратты, бирок, тилекке каршы жыйынтыгында, абалды аягына чейин кармап, жөндөй албадык. Алгачкы 55 — мүнөттө команда бир аз пассивдүү болду, атаандашыбызды кысымга алган жокпуз, бирок андан кийин оюнчулар өздөрүн топтой алышты. Бирок кийинки алмаштыруулар чечүүчү ролду ойноду. Дарбазачыны алмаштырууга аргасыз болуп, жана бир нече оюнчулар да алмашкан, андан соң мындай жыйынтыкка келдик. Эми команда үйдө Оман курамасына каршы ойнойт. Бүгүнкү беттешти талдап, жыйынтыгын чыгарып, жеңилүүнү ызаасын тезирээк унутуп, кийинки оюнга даярдана башташыбыз керек. Оюнчулар катуу иштеп, болгон күчүн берип жатышат, бирок жеке каталар бизди жеңишсиз калтырууда. Алдыдагы беттеште күйөрмандарыбыздын жана өз трибуналарыбыздын колдоосу бизге көбүрөөк күч жана ишеним берет деп ойлойм»,-деген ал.
Эске салсак, 16-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия курама командасы менен беттеш өткөрүп, 3:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Булак: Аргумент кж