Масалиев Кумтөрдүн алтынынын сатылышын иликтей турган комиссияны жетектейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Исхак Масалиев Кумтөр кенинен казылган алтындын сатылышын иликтей турган убактылуу депутаттык комиссияны жетектейт.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-октябрдагы жыйынында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казылышы менен сатылышын иликтей турган депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндөгү токтом долбоору жактырылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 59 эл өкүлү «макул» болду.

Белгилей кетсек, убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт. Аталган комиссиянын төрагасы – Исхак Масалиев, анын үч орун басары – Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова болду. Комиссияда азыркы учурда 20 мүчө бар экени айтылды.

Буга чейин курамга 13 эл өкүлү киргени маалым болгон.

Эскерте кетсек, “Азаттыкта” Кыргызстан 19 тонна алтынды белгисиз өлкөгө сатканы тууралуу материал жарыяланган. Анда өткөн жылы казылган алтындын 70 пайыздан ашыгы кайсы өлкөгө экспорттолгону белгисиз экендиги жазылган.

Аргумент.kg