Саясат

Масадыков: Шайлоого катышпайм, «Ата-Журт — Кыргызстан» партиясынын мүчөсү эмесмин.

Буга чейин «Азаттык» «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 10-октябрда курултай өткөрүп, парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин жарыялаганын жазган.

«Азаттыктын» маалыматында «тизмеге Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков, Кыргыз эл артисти Бек (Берадор) Борбиев да киргенин аталган партиядан «Азаттыкка» кабарлашты» деп жазылган.

Ал арада Масадыков бул маалыматты четке кагып, алдыдагы шайлоого катышуу ниетин жоктугун жана «Ата Журт — Кыргызстан» партиясына тийешеси жок экенин жазды:

«Урматтуу достор, бүгүн ua.kg (http://ua.kg/ata-zhurt-kyrgyzstan-partiyasy-talapkerlerdin-tizmesin-zharyyalady) сайтында жана социалдык тармактарда алдыдагы шайлоого «Ата Журт — Кыргызстан» партиясынын катарында мени катышат деген жалган маалымат таратышыптыр.

Ушуга байланыштуу алдыдагы шайлоого катышууга эч кандай тиешем жок экенин билдирем, ошондой эле «Ата Журт — Кыргызстан» партиясынын мүчөсү эмесмин», – деп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *