Мас болуп унаа айдаган сот аткаруучуга жаза берилди

Мас болуп унаа айдаган сот аткаруучуга жаза берилди

20-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Мас абалында унаа айдаганы үчүн Милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалган сот аткаруучуга катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу Сот департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган окуя боюнча Сот департаменти тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Этика боюнча комиссиянын чечими менен сот аткаруучуга катуу сөгүш берилген.

Андан тышкары сот аткаруучунун мас болуп унаа айдаганы боюнча сот тарабынан мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Эскерте кетсек, мас абалында унаа башкарган жарандар 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Мындай норма быйыл 8-марттан тарта киргизилген.

Буга чейин Бишкектин кайгуул милиция кызматкерлери мас абалында унаа айдаган сот аткаруучуну кармаган. Айдоочу ичимдик ичип-ичпегенин ырастоо үчүн Наркология борборуна жеткирилген. Кайгуул кызматы бөлүшкөн видеодо көрүнгөндөй, сот аткаруучу тааныштарына чалып, кутулуп кетүүнүн айласын издеген. Ошондой эле «унааны башка адам башкарган» деп, мас болуп унаа айдаганын мойнуна алган эмес.

Булак: Аргумент кж