Саясат

Марлен Маматалиев: Электр энергиясына болгон баа кымбаттаса, эл көтөрө албайт

Электр энергиясына болгон баа кымбаттаса, эл көтөрө албайт. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
“Жол киренин тарифи сыяктуу эле электр энергиясына болгон бааны көтөрбөш керек. Туура, энергетика тармагында дагы бир топ көйгөйлөр бар. Электр энергиясына бааны көтөрүү менен катар айлык, пенсия, жөлөк пулдарды эске алуу керек. Бүгүн-эртең бааны жогорулатабыз дегенден алыс болсок. Убагында ушундай мезгилден өткөнбүз. Аягы нааразычылыктарга алып келиши мүмкүн. Элдин шартын оңдогондон кийин тарифтерди акырындык менен жогорулатса болот”,-деди депутат Марлен Маматалиев.
“2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” Министрлер кабинетинин токтому 15-июнда коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелинет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *