Саясат

Марлен Маматалиев Бишкекке мэр болобу?

Кыргыздын: “Калк башына күн түшсө, карап турган жигитпи?” – деген таамай айтылган кеби бар. Элге түйшүк жараткан таажы ылаңы бир катар көкүрөк керген эрлерибизди сыноодон өткөрдү. Колунда барлардын ким экенин калк башына келген чоң түйшүктөн ажыратып, талдап алдык көрүнөт. Тапкан-ташыганын кабаттап жыйган сасык байлардан айырмаланган колу ачык, барбалаңдаган жигиттердин сап башында эл өкүлү Марлен Маматалиев турганын сыймыктануу менен айтсак жарашат. Адал эмгек, бешене тер менен тапкан олжосун биздин каарман былтыр карантин учурунда болушунча элге чачып, жүз миңдеген элдин алкышына арзыды. Каражатын калктын аялуу катмарына кабагым-кашым дебей кайрымдуулукка жумшаган Марлен мырзаны кантип алкабай кое алабыз?

“Эр жигит туулган жерге из калтырыш керек” – деген кепти көкүрөгүнө кыттай уюткан Марлен Маматалиевдин Бишкек шаарынын тургундарына берген жардамына шаардыктар чурулдап бата бергени кимдин болбосун жан-дүйнөсүн бир “дүрт эттирери” анык. Кечээ жакында чек ара чырында жабыркаган үй-бүлөлөргө да өз салымын кошуп, колунан келген көмөгүн аябады. Жакшынын шарапаты демекчи, жакында эле жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоолордо элибиз Марлен Маматалиев баштаган “Ынтымак” партиясын чын жүрөктөн колдоп бергенинин сыры ушунда. Марлен Маматалиев башкаларчылап акчага таянбай, чыныгы элдин жүрөгүнөн түнөк табуу менен элдин колдоосуна арзып ийгиликке жете алды.

“Эр эмгегин эл жебейт” демекчи, эл арасында Марлен Маматалиевди Бишкек шаарынын мэри катары көргүсү келгендердин катары калыңдап баратканы да жөн жерден эместир. Албетте, жаңы көз караштагы заманбап кризис-менеджер Маматалиев мэр болсо неге болбосун? Марлен Маматалиев мэр боло турган болсо кара жанын карч уруп, шаарыбыз үчүн талыкпай иштеп берээри анык эмеспи. Биз болгону кеп кезеги келгенде учкай болсо да Марлен мырзанын калк үчүн кылган кайрымдуу иштерин азын-оолак тизмектеп койдук.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *