Маркум курбум салган тамга күйөөсү башка жубай киргизип алганын көрүп кейийм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир ай өттү. Курбумдан ажырап калганыма дале ишене албай турам. Кечээ эле жаркылдап күлүп чай сунуп отурган. Бүгүн минтип кара жер кучактап жатат. Курбум менен эч кимдин иши жок. Баары өз турмушу менен алышып жүрөт. Жадакалса, күйөөсү аны унутуп койгондой. А бечара курбум, өзүн арткы планга коюп, үй-бүлөм десе жанын берүүгө даяр эле. Күйөөсү акчаны жакшы тапчу, бирок тапканын артыгын чыгарар эле. Солго басып, кол көтөрүп, айлап ичип дегендей. Курбум бардык кылыктарына чыдады. Экөөбүз кошуна турабыз. Күйөөсү жаңжал чыгарганда, түндөсү үйүмө баласын көтөрүп качып келчү. Эртең менен эч нерсе болбогондой жаркылдап күлүп жүрө берчү. Бирок, муңдуу көздөрү баарын айтып турчу. Бир кийимин беш-алты жыл кийчү. Байпагы жыртылса тигип алчу. Балдарына, күйөөсүнө дүкөндөн кийим сатып алчу, өзү атайын базарга түшүп, секонд-хендден кийинчү. «Ай, бир жакшынакай көйнөк сатып алчы» десем, «Мага ушу көйнөк болот, андан көрө үйгө бир нерсе алайын», — деп айтаар эле. Ооруп калса төшөккө жатчу эмес, 39 градус температура менен жумуш кылып жүрө берчү. Кийин чоң там салышты. Күйөөсү акча эле алып келип бербесе, баарын курбум өзү бүтүрдү: усталарын тейлеп, курулуш материалдарын ташып, ичин толтуруп. Мына эми там той беребиз деп турганда, кырсык болуп кетти. Эртең менен жолукканбыз. Дүкөнгө баратам деген. Каап, ошол акыркы көрүшүбүз экенин билсем кана! Жүрөгү кармап дароо жан бериптир. Деги эле жүрөгүм ооруйт дечү эмес. Бул кабарды угуп алып эсим ооп кулап түштүм. Бечара курбум, бир жакшы көйнөк кийгенге жетишпей кете берди. Ысык-суукта чуркап жүргөн тамына жашаганга үлгүрбөдү. Өкүнүчтүүсү, эч ким бул жакшылыгын билген жок. Күйөөсү бир айга жетпей башкага үйлөнүп алды. Эмне үчүн биз аялдар үй-бүлөбүз үчүн өзүбүздү курмандыкка чалабыз? Курбумдан ажырагандан бери бул суроого жооп таппай келем. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg