Коом

Манты сатам деп уурулук кылып жүргөн кыз кармалды

Манты сатам деп уурулук менен шугулдатып жүргөн 13-жашар кыз кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБ билдирди.

Маалыматта, милицияга унаанын ичинде ири суммадагы акчасын уурдаткан жаран арыз менен кайрылган. Көп өтпөй уурулукка шектелип 8-класстын окуучусу кармалды. Көрсө ал кыздын үй бүлөсү жетишпеген жашоодо күн кечирип келген. Апасы бышырып берген мантыны базарга алып чыгып кыдырып сатып келчү. Ошондой эле ал ачык калган унааларды тоноп келген. Үйдү тинтүү учурунда милиция кызматкерлери 2,8 миң доллар тапкан. Акча ээсине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *