“Манастын уулу Семетей” эл аралык чууга кабылдыбы? Же чоркок идеолог Чолпонбек Абыкеевдин шоусу…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмабыз айрым катмардын каршылыгына карабай коомчулукка тартууланып, бир катар чет өлкөлөргө чыкканы турат. Түркиянын интернет жана телеканалдары менен кызуу иштешип, тасма кабыл алынганы турганда мамлекеттик “ТРТ-Авас” телеканалынын жетекчилиги аларга Кыргызстандын президенттик администрациясы менен маданият министрлигинен “Манастын уулу Семетейди” чыгарбоону талаптаган кат барганын, ошондуктан мамлекеттин позициясына каршы турушпастыгын билдиришти. “Мамлекеттик каналдар чыгарышпаса, жайнаган эркин каналдар турат, мамлекеттик бийликтин каршылыгына кабылса, тескерисинче, мыйзамсыз ыдык көргөн чыгарма катары баалашып, эрегишип чыгарышчу өлкөлөр бар” деп жооткотушту эл аралык ортомчу дистрибьюторлор. Кат бир гана Түркиянын мамлекеттик телеканалына гана эмес, маданият министрлигине, Түркиядагы “Нетфликстин” дирекциясына жана башка өлкөлөргө да жолдонгону белгилүү.

Демек, “Манастын уулу Семетей” кыргыз бийлиги тарабынан тыюу салынган тасмабы?! Анда кыргыз өкмөтүнүн маданият министрлигинин кино департаменти тарабынан 2022-жылдын 10-августунда тасманы көрсөтүүгө уруксат берген №2022-221 прокаттык күбөлүгү мыйзамсыз болобу?! Ал жокко чыгарылган эмес. Антүүгө негиз да жок. Анда эмесе кыргыз бийлигинин чет өлкөлөргө жазган каты мыйзамсыз болуп чыгат! А бул нагыз эл аралык сот аркылуу тескелчү, олуттуу чуу чыгуучу окуя.

Кинону президент Садыр Жапаров башында бир, кийин оңдоп-түзөөлөрдөн кийин дагы, баш-аягы эки, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов үч жолу көрүшүп, уруксат беришкен. Арийне, президент менен мамкатчы бул чуулуу каттан кабарсыз. Президенттик администрациянын маданият тармагын тейлеген бөлүмү (башчысы Т.Ажыкеев) да кабарсыз болуп чыкты. Демек, президентти аттап, укугун ашыра пайдаланып, ылдый жактагы аткаминерлер, тагыраагы, бул тасмага башынан касын тиккен, мамкатчы кезинде ызы-чууну уюштурган, каршы топтун дирижёру, азыркы президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин жетекчилиги менен жасалган иш. Өзүнүн деңгээлинин төмөндүгү менен дайыма бийликти жаманатты кылып келаткан чоркок идеолог Чолпонбек Абыкеевдин кезектеги мыйзамсыз шоусу болуп чыкканы турат…

Ал эми тасмабыздын айланасындагы уу-дуу тууралуу белгилүү коомдук ишмерлердин ойлорун сунуштамакчыбыз.

Өмүрзак Төлөбеков, тасманын сценаристи жана продюсери 

Аргумент.kg