“Манас” эл аралык аэропорту Татарстанга сатылып, директорлукка Элдияр Кененсаровдун дайындалат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда, “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчиси Бакыт Шаршеев менен Татарстандык “Ядран” компаниясынын ортосунда макулдашуу жүрүп жатат. Анда, Кыргызстандын компаниясы 25 жылга татарстандык “Ядрандын” башкаруусуна өтүп, ал аралыкта 100 миллион доллар инвестиция салуусу убадаланган.
Маалыматка ылайык, Татарстандык компаниянын жетекчиси Ирек менен “Азия микс” КВН тобунун жетекчиси Элдияр Кененсаров жакын достордон. Сүйлөшүү жүргүзүүгө Элдияр Кененсаров аралашып, макулдашуу ишке ашса, ал директор болуп дайындалуусу убадаланган.
Ал эми Бакыт Шаршеев аэропортту татарсандык компаниянын башкаруусуна өткөрүп бергенден кийин, Транспорт министри болуп келем деп камынууда.
Сүйлөшүү азырынча коомго ачыктала элек болгону менен, аэропорттун кызматкерлеринин ичинде белгилүү болуп калды.
Эгер, Татарстандык компания “Манас” аэропортуна 25 жылга ээлик кылып калса, анда аэропортто  иштеген 2800 кыргызстандык жумушчулардын тагдыры дагы таразага коюлат. Албетте “Ядран” компаниясы өзүнүн кадрларын алып келет.
Мындай маалыматтан кийин, аэропорттункөп жылдан бери иштеп келген кызматкерлери Бакыт Шаршеевдин аракетине нааразы болуп жатышат.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Манас” эл аралык аэропорту мамлекеттин бюджетине 17 миллион доллардан ашык акча каражат киреше төккөн. Татарстандык компаниясы сунуштаган сумманы “Манас” аэропорту өзүнүн мүмкүнчүлүгү менен 4 жылда эле таап алууга толук шарты бар.
Негизинен “Манас” эл аралык аэропортун Татарстандык “Ядран” компанияга өткөрүп берүүгө аракеттер тымызын жүрүп жатат. Бул ишке жакында эле өтө оор кылмышка шектелип камалып чыккан адам аралашып, ортомчулук кылууда. Далилдер менен кийинки жолу чыгарабыз.
Булак:kazat.org

Аргумент.kg