Саясат

Мамлекеттин өзөгүнө кирип алган коррупциялык клан

2005-жыл Жалал-Абад. Жоогазын революциясы болуп жаткан. Акаевдин бийлиги мына, мына кулаганы турган мезгил. Күүлөнгөн эл областтык администрациянын имаратын басып алган, губернатордун кайда экендиги белгисиз. Бирок теледен кырдаал көзөмөлдө турат деп бир жерден интервью берип жатат. Аңгыча ГОВД ичинде экен деп эл ошол жакка чабуул коюп калды. Жаштардын бир бөлүгү имараттын артындагы көчөгө жөнөштү, ошол жактан да чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Биз жете бербей калдык, бийик тосмодон чооң киши лап этип секирип түшүп машинага түшүп качты. Кийин уксам, ал кадимки Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Жусуп Жээнбеков экен. Ошол кезде Жалал-Абатта губернатор экен.
Жалал-Абаттын Спутник кичи шаарчасында коммерциялык институт бар эле, ал ыраматылык Кантөрө Шарипович Жээнбековдун жеке окуу жайы болчу. Илим, билимге салым кошуп институт ачканы абдан жакшы. Бирок ошол жерде 4-5 жыл окуп контракт төлөшөт. Бүткөн соң көбү окуу жайдын лицензиясы жок экен деп мустарап болуп жүргөндөрүн көрдүм. Азыр ал институт ЖАМУ карамагына кирген.
2005-жылдагы Ош окуясынан кийин түштүктү калыбына келтирүүгө бюджеттен акчалар бөлүнгөндүгүн аны ошол кездеги Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков ал акчаларды эмне кылгандыгы тууралуу ички иштер кызматкери соцтармактан айтып бергендигине баарыбыз күбөбүз.
Ал эми Асылбек Жээнбековдун ким болуп, эмне жумуш аткаргандыгын билебиз да.
Мен муну менен эмнени айткым келди. Булар Бакиевдерден кнм калышпаган кландар, ар бири олигарх. Ошол байлыкты ак эмгектен таптыбы, ээлеген кызматтарына татыктуубу аны мезгил көрсөтөт эл таразалайт. Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодо ыплас жол менен жеңишке жетишкендигине да эл күбө. Ар бир шайлоочуга 2000 сомдон берип, андан сырткары Арсланбек Малиев сыяктуу калп кандидаттар аркылуу, Жылдыз Жолдошева сыяктуу кошоматчылар аркылуу оппоненттерин кантип каралаганлыгына да эл күбө.

Сайракан Салиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *