Мамлекеттик ипотеканы «майкандаган», кезекте тургандарды тил эмизип соороткон Аида Төлөгөнова

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кандайдыр бир жакшы ниет менен башталган иштер ошол жерге барган алсыз анан өзүмчүл жетекчинин айынан аксап калаары айдан ачык. Мындай жетекчилердин айынан канчалаган адамдар түзүлгөн мүмкүнчүлүккө колун жеткире албай баштарын мыкчып кала беришет. Дегеним, Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) жакшы ниет, жакшы тилек менен түзүштү эле. Үй-жайсыз батирлеп жүргөн жарандарыбыздын көйгөйүн чечүү максатында. Ооба, максаттар абдан жакшы эле. Коомчулук да муну кош колдоп кубатташкан. Кыялдар канатчан аргымактарга мине далай адамдар үйлүү да болуу бактысы алыс эмес деп жатышкан. Бирок, аталган компания жалаӊ гана пиар менен алектенип, жарытылуу иш жасай албай келет. Жетекчилик жарандарыбызга ошол ипотеканын жолдорун, жоболорун толук түшүндүрбөй, толгон токой кагаздарды толтуруу бюрократиясын күчөтүшүп, ушу тапка чейин бир да карапайым адам аталган долбоордун алкагында үйгө ээ болбой келет. Азыр да миңдеп кезекте турушат. Ал эми МИКтин кызматкелери мамлекеттин жеткиликтүү каражат бөлүнбөй атканын, жакында бөлүнөөрүн айтып кезекте тургандарды сооротуп келишет. Жагдай мындай өӊүттө өнүгүп жаткан соӊ эмне кылуу керек деген собол туулат. Жок дегенде аталган компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова бюджеттен алган 120 миӊ сом айлыгын актабайбы?! Же өзү эле тоюнса башкаларды унутуп калабы? Баса, ушунча айлык алат бекен деп таӊ калбаӊыздар, мындан да кєп болуп калышы толук мүмкүн. Ушундай колунан «пок» келбеген жетекчилерден качан арылабыз?! Же биз эмне жөн гана жомоктуу идеяларды долбоорлоштуруп коюп, жетекчилерди эле багып жата беребизби?

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg