Максат ажы: Ысык-Көлгө даарат, гусул кылса укмуш болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Соңку күндөрү талкуудан түшпөй келе жаткан Максат ажы эми Ысык-Көлгө даарат, гусул алса укмуш болоорун айтып, жар салды. Мурунку муфтий Максат ажынын баянын угуп жаткандардын бирөө «Ысык-Көлгө даарат, гусул кылса болобу?» — деп собол салган. «- Укмуш болот! Ысык-Көлгө болбосо, анан каякка болот, ыя айланайын? Бассейн, тияк-бияк, көл-пөл, сразу баардыгына болот. Андан чыгып алып, кайра даарат алуунун кажети жок,» — деп жооп берген. Кыргызстандын бермети болгон касиеттүү Ысык-Көлүбүзгө эми даарат, гусул ала башташабы? Бул аша чапкандык эмеспи? Муфтиятты тизгиндей турган учур келди окшойт урматтуу президент Жапаров Садыр Нуркожоевич?!! Эске сала кетсек, буга чейин бир туугандардын жана алыскы, жакынкы туугандардын балдары никеге турса болоорун айтып, ага чакырык таштап, элдин кыжырын келтирген. Азыркы муфтий эмне жумуш кылат? Кыргыз баалуулуктарына шек келтирген, каада-салт, үрп-адаттарын тебелеп, тепсеген ээн баш мурунку жана азыркы дин кызматкерлери менен дин өкүлдөрүн адепсиздиктен адептүүлүккө, темирдей тартипке чакырып, тескей албайбы? Же булар шариятта мындай жазылган деп адам жийиркентээрлик ар нерсени айтып, муфтийди тоготпойбу? А балким, муфтийдин кайдыгерлигинен улам ушундай окуялар болуп жаткандыр. «Көп баскан аяк бок басат» болуп, ар нерсени айтып чыга бербегилечи. Өзүңөр ыймандуу, акыл-эстүү боло албай жатып, өзгөлөрдү ыйманга чакырганды ким коюптур! Алгач өзүңөр күзгү болсоңор кана аттиң… Булак: Baleket.kg

Аргумент.kg