Максат ажы, сизге үчүнчү жубай болууга макулдугумду берем

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

(Максат ажы Токтомушевге!)              

Мен күйөөм менен жарым жыл жашап, ажырашып кеткем. Биздин жылдызыбыз келишкен жок. Ата-энебиздин сөзү аркылуу баш кошуп, баары кайгылуу аяктады. Эки башка жолго түштүк. Балалуу болгон жокпуз. Өзүң сүйбөгөн адамдан кантип наристе жытын жыттайсың? Ошентип, депрессияга кабылган түндөрү уктай албай, анан сиздин дааваттарды угуп жатып, өзүмө энергия топтодум. Ар дайым кечинде интернеттен насаат айтканыңызга кулак төшөйм. Уйкум да тынч. Башында сакалчан, улуу киши катары көрүнчүсүз. Бара-бара баардык тосмолор сынды. Сизди жакшы көрүп калдым. Өзгөчө үй-бүлөлүк мааниде, сабырга чакырган берүүлөрүңүз жакты. Адашкан адамдарды туура жолго салып, көздү ачат экенсиз. Ушунчалык ак пейилдүү, жакшылык жараткан инсан катары урматтайм. Мени оор сыноодон куткардыңыз. Өзүмдү сизге карыз болгондой сезем… Сураштырсам, эки жубайыңыз бар тура. Мен үчүнчүсү болгонго даярмын. Балким жолуксак, жактырсаңыз керек…

Айжаркын 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg