Коом

Майлуу тамак эске сактоо жөндөмүн төмөндөтөт…

Иллинойс университетинин адистери майлуу тамактар балдардын мээ жумушунун ылдамдыгын жайлатат деген пикир айтышты. Тажрыйбага окумуштуулар 7-10 жаш аралыгындагы 150 баланы катыштырышкан. Алар балдарды топко бөлүп, эске сактоо жөндөмүн бекемдөөгө, акылды сынай турган оюн түрлөрүн сунуштаган.
Изилдөө учурунда белгилүү болгондой, холестерини көп, майлуу тамак жеген топтун мүчөлөрү узак ойлонуп, тез чечим кабыл албай калды. Адистердин пикирине таянсак, майлуу тамактар менен көп тамактануу эске сактоо жөндөмүнүн начарлашына алып келет. Ошондой эле, бир мезгилде бир нече маалыматтарды мээде сактоо жөндөмүн төмөндөтөт.
БУЛАК: zaman.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *