Коом

Мага турмушка чыкпасаң алакачып кетем деп коркутуп жатат

Мектепти быйыл эле аяктап бирок ата-энемдин каражаты болбогондуктан улам окууга тапшыра албай калдым. Учурда бир кафеде официант болуп иштеп жатам. Кафенин жанында  тандыр бышырган байке мага турмушка чык деп жатат.

Мага ал байкенин жасаган мамилеси жакшы, дайыма “курсагын токпу?”, “үшүгөн жоксунбу?” деп сурап турат. Эми мага турмушка чык деп сунуш киргизип жатат. Ал жерде иштеген эжелер болсо бул сага чейин бир аял алып кетирген, экинчи аялы болуп эмне кыласын-деп жатышат. Азыр эмне кыларымды билбей калдым. Эжелердин айтымында аялы азыр да кээде келип байкеден акча алып кетип турат экен.  Чын эле ал адамга турмушка чыксам кыйналып каламбы? Ата-энемдин менден башка беш баласынын көйгөйу эле жетет. Макул болбосоң алакачып кетем деп коркута баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *