Мага окшоп ажырашкандар барбы? Өзүңөрдү кантип алаксытасыңар?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм экөөбүз бир аз эле сүйлөшүп баш кошконбуз. Мен аны абдан сүйчүмүн. Ал деле мени жакшы көрчү. Экөөбүз жыл айланбай бир кыздуу болдук. Абдан бактылуу элем. Кийинчерээк күйөөм үйгө түнөбөй калчу болду. Канчалаган күндөрүм ый менен өттү. Чалсам албайт, эртеси келип унчукпай кутулчу. Көрсө, менден мурда бир кыз экөө бирин-бири катуу жактырып жүрүшчү экен. Анан таарыныша кетишип, ага өчөшүп мени алып алыптыр. Бирок экөө бир жылдан кийин биз кыздуу болгондо табышып алышыптыр. Канча боздогонума, кызына карабай ага кетти. Баш кошуп алышты. Мен 3 жашар кызым менен жалгыз калдым. Күйөөм менен жашаган күндөрдү абдан сагынам. Азыр эч нерсеге көңүлүм жок. Аны эстеп, күтө берем. Мени жактыргандар бар, бирок күнүмдүктү эмес, түбөлүктүүлүктү көп ойлойм. Мага окшоп ажырашкандар барбы? Өзүңөрдү кантип алаксытасыңар?

Азиза 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg