Маевский: “Чотонов менен көп сүйлөшчүмүн”

Бүгүн, 29-июнда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурунку жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болууда.
Анын жүрүшүндө орусиялык ишкер Леонид Маевский көрсөтмө берүүдө.
Ал 2010-жылга чейин Бишкекке бир нече жолу келгенин айтты.

“Мен Модинди жакшы билчүмүн, мен алгач ага 300 миң доллар бердим, ал Чотоновго, Текебаевге берилиши керек болчу. Текебаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп турчумун, бирок Чотонов менен көп сүйлөшчүмүн. Ал өзү мага чалып турчу. 300 миң долларды менин буйругум менен Модин Текбаевге жана Чотоновго берген. Алар бул акчаны алгандарын билдиришти.”,-деди Маевский.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.
Булак: Каганат