Мадумаровго акыркы он жылда саясаттан сан тийбей жүргөн эле. Анткени ишенген кожосу Минскиге качып, таянары жок Акүйдү алыстан имере карап жүргөн болчу.
Эми минтип ити чөп деп парламентке келди. Бакиевдин бийлиги кеткенде ал үчүн жер астын үстүн болгондой эле болду.
Анткени менен угушубузга караганда ал партизандық иш аракетин токтотпоптур. Орусияга байма бай каттап турчу, себеби белгисиз эле. Көрсө, бул сагызган саясий ишмер гана эмес башка да иштери бар экен. Эсиңерде болсо бир жылдары Орусияда псевдопатриоттор кыргыз кыздарын кордоп, интернетте, соцтармактарда уят кылып жүргөн. Ал балдардын демөөрчүсү, шыкак берген жол башчысы кудум ушул Адахан Мадумаров болчу дешти анын чогулуштарында дайыма болуп жүргөн мигранттарыбыз.
Көп массалык аракетке жетише албаса да кандайдыр бир топту кыргыздарга каршы аракетке койгон. Канча кыздарды шерменде кылып кордотту. Бирок өтө сак эмеспи, изин жашырып кетти.
Эми акырын жылып парламентке, кыргыздын төрүнө дагы келди. Максаты эмне? Карьера жасагыдай ал жаш эмес. Жумурунда эмне ой жатат, кимден өч алат бул?

Маткеримов Асылкан