
Мадумаровдун иши боюнча төрага шайланды, эми камалабы?
06-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 5-июнда Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча башкы прокурордун сунушун кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.
Комиссиянын мүчөлөрү төрайым катары Динара Ашимованы дайындашты.
Депутат Ашимованын билдиргенине караганда, Башкы прокурордун бир нече бетиндеги баяндамасын алышкан, бирок аны окуп чыгууга үлгүрүшө элек.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке Баш прокурор Курманкул Зулушевден Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. Депутатка карата кылмыш иши массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алууга шектелип козголгон.
Парламент сунушту карап, анын чечимин депутаттардын талкуусуна коё турган комиссия түзгөн.
Мадумаров бул сунуш күтүүсүз болгонун айтып, бардыгына даяр экенин, атүгүл мүмкүн болгон камоого да даяр экенин билдирдген. Депутат Кемпир-Абаддын дарегине айтылган сындар, казинонун ачылышы жана ММКлар тууралуу жаңы мыйзам Башкы прокуратуранын айыптоосуна негиз болду деп эсептейт.
Булак: Аргумент кж