Саясат

Мадумаровду кыргыз парламентине садага чабууга да жарабайт

Мадумаровдун шайлоодон такыр эле жолу болбой калды деп айтууга болбойт. Ал төрт чакырылыштын депутаты болду (биринчиден төртүнчүгө чейинкисине көз чаптырсак, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин акыркы чакырылышын «легендарлуу парламент» катары катар санга кирбестигин эстеп коёлу). Тагыраагы, 2007-жылы президенттик «Ак Жол» партиясына кирип, акыркы ирет ЖКга барып, ал тургай спикер да болгон. Бирок бул кызматта көпкө кармалган эмес, 2008-жылдын январынан майына чейин гана турду.

Отставкага себепкер «жаңгак кабынын» чыры болду. Мадумаров парламенттин жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жаңгак кабы менен жасалгалоого ниеттенген. Бул кадам жөнөкөй жарандардан тарта депутаттардын өздөрүнүн да нааразылыгын жараткан. Жыйынтыгында Мадумаров спикерлик эле эмес, мандаттан да баш тартууга аргасыз болгон.
Анан, анын эң барып турган саткындык иши бул Баткендеги чегарага аймагынын 275 метр жерин тажиктерге берип жибергендиги. Ошол түзүлгөн протоколдун негизинде кыргыз жери тажик тарапка өткөн. Анын кесепети чегарада согуштун чыгуусуна себеп болду.
Ал Баткен менен эле чектелип калбастан Таласта, Чүйдө, Көлдө да кыргыз жерлерин пансионаттарын башка мамлекетке шашылыш түрдө өткөрүп берген.
Эми ошол кесепеттүү, кесирлүү Мадумаровдун кайрадан Жогорку Кеңешке барам деп жатканы кыргыздын мекенчил жаштарынын кыжырын кайнатып жатат. Чын чынына келгенде Мадумаровду парламентке депутат кылмак турсун садага чабууга жарабаган киши. Тантып сүйлөгөндө кыргыз тилинин орфографиясын, лексикасын бузуп сүйлөйт. Анан ошону чечен деп алышкандарына таң каласың. Адахан Мадумаров сыяктуу мамлекетти талкалоого, душмандык кылууга эки көзү төрт болгондорго парламентте орун жок болуш керек!

Касымбек Жумаев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *