Саясат

Мадумаров шайлоого эмес, суракка барышы керек эле

Адахан Мадумаров парламенттик шайлоо болобу, же президенттикпи ылгабай талапкерлигин коё берет. Бул менимче анын өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн жасаган тактикасы. Анткени, Мадумаровдун артында оңбогондой көп териштириле турган иштери жатат. Ал муну түшүнөт, качандыр бир кезде айып тагылып, кылган иштерине жооп берерин бөркүндөй көрөт. Ошондуктан тынымсыз шайлоого катышып, өзунө кандайдыр бир иммунитет жасап жатат. Өзүн оппозициячыл саясатчы кылып көрсөтүп, бийликке сын айткан болот.
Эми анын чегарада, мамлекеттик стратегиялык обьекттерди коңшу өлкөлөргө өткөрүп берип чыккынчылык кылгандарын менимче санап отуруунун кажети жок, себеби ачык интернет булактарында ал тууралуу маалыматтар жайнап турат.
Арийне, ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат. Мунун дагы бир таң калыштуу нерсеси, билбеген нерсеси, такалып калган темасы болбойт. Билбей уят болуп жатса да мойнуна суу токтобогон жалганчылыгы оозуңдан тообоңду түшүрүп, жакаңды кармаганга алпарат.
Өзүн оратор, журналист саясатчы кылып көрсөтүүгө аябай далалат кылат. Анткени менен анын сөзүнүн түзүлүшу кыргызча эмес, орфографиялык каталары бар экендигин сыягы жарыктык киши сезбейт окшойт. Анын сөзүндө кандайдыр бир аял затына болгон кастык дейбизби же басынтуубу, айтор ушул сыяктуу нерселер бар. Анткени ал бир кезде 100 миң кыргыз кызы кытайларга тийип кетти деген ураан таштаган. Бирок элибизди мекенчил жигиттери Мадумаровдун бул маалыматын такташ үчүн түп көтөрүлгөн ошол кезде. Статистика, тууган урук, тааныш билиш баары чогулуп келип Адахандын бул сөзү карандай калп экендигин тастыкташкан.
Эми алты жарым миллион киши көрүп билип турган Баткендеги 49 жылга арендага тажиктерге берип жиберген чегара тилкесиндеги жерге колун койгон протоколду кашайып танып, ар түрдүү фокустарын көргөзүп жатат. Мадумаров шайлоого эмес, сурак берчү жерге барыш керек экендигин эл таразалап туруп айтып жатышат. Калк айтса калп айтпайт эмеспи.

Касымбек Жумаев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *