Мадумаров өзүнө козголгон кылмыш ишине каршы «Ормон опуза» кылып жатат

Мадумаров өзүнө козголгон кылмыш ишине каршы «Ормон опуза» кылып жатат

15-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Коомчулукту, алтургай парламентти акырыын ажырым кылып бөлүп жаткан бирөө бар. Бул акыркы эки аптадан бери даана байкала баштады.
Адахан Мадумаровго байланыштуу иштерди тезинен текшерип, аягына чыгаруу керек. Антпесе бул киши керт башынын кызыкчылыгы үчүн ар түрдүү кадамдарга барышы мүмкүн.
Менимче өзүнө коргон кылуу үчүн бакиевчил аламдардын баарын аракетке келтирген түрү бар.
Нуржигит Кадырбеков деген депутат Жаныш Бакиевдин экинчи аялы Орозгүл Токторбаева деген ырчынын тайкеси, ал эми Балбак Түлөбаевди болсо Бакиевдер президенттин иш башкармалыгына жумушка алышып ажатын ачкан. Айтор жөн эле адамдар Мадумаровду коргоп жаткан жери жок.
Соцтармактаны электораты болсо бүгүн бар да эртең жок күн карамалар. Айрымдары акчага иштеген наемниктер. Ушундай көрүнүш менен элди «Ормон опуза» кылып коркутуп отурат. Камасаңар минтип жиберет, анан тигинтип жиберет деп.

Бурганак Толкунов