Жогорку Кеңеш акырындык менен кадимки оролуна келе баштады. Парламенттин тең жарымы баягы эле биз көрүп жүргөн, тажаган жүздөр. Биздин тилегибизге каршы эл өкүлдөрүнүн арасында билими тайкы, амбициясы аттын башындай наадандардын бар экендигин эстегенде көкүрөктү шүүшүн кайгы басат. Мамлекеттин тагдырына ушул «макалёлордун» аздыр көптүр кесири тийип калбаса экен деген түпөйүл ой жүрөктү эзет.
Чимкирик парламенттен мураска калган эл өкүлдөрүн айтпаса да түшүнүктүү. Бирок «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен келген Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын эл өкүлү болушуна акыл эси бар кыргыз жараны эч качан макул болбойт.
Жакында эле «Ысык-Көл» мейманканасынын реконструкцияланышына каршы болуп, ал курулушту баалуу мурас деп атады Мадумаров. Так ушул жерден бул кишинин төрт ай спикерликти аркалаган мезгили көз алдыга дароо тартылат. Өлө тала Каркыра жайлоосунун талаштуу аймагын казак тарапка өткөрүүнү ратификациялоо, Ысык-Көлдөгү ири пансионаттарды Казакстанга өткөрүү, Маймак, Кордой, Баткен чегара аймактарындагы биздин эле жерлерди коңшуларга өткөрүүнү ишке ашырган Мадумаров эле го?! Анан кантип ушул адам парламентке эл өкүлү болуп келет?! Кантип Мадумаров мыйзамдын катаалдыгынан кутулуп кетет?! Башкалар калпыс сүйлөп алган бир сөзү үчүн түрмөдө отурат, а бул болсо Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин ишине, президентке сын айтып отурат. Адилеттүүлүк кайда?!
Ал эми Орозайым Нарматова бир сөз менен айтканда эл өкүлү болууга татыксыз. Юридикалык, экономикалык же гуманитардык, дегеле жогорку билими жок. Анысы аз келгенсип эч кайсы тармакта бир күн да иштеген эмес. Эч кайсы кесиптеги адамдын оюн, пикирин, кайгысын, кубанычын, максатын түшүнө албайт бул кыз. Анан кайсы элдин өкүлү бул? Же буларга боло береби? Кыргыз Республикасынын эли ушуларды салык төлөп очойтуп багабы эми?!

Бурганак Толкунов