Саясат

Мадумаров менен Масалиевдин таскагы катуулай баштады

Саясый талаада бийликке каш кайтаргандар суюлуп кеткенде, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери адатынча келишкис оппозиционер катары чабытын улаганы, рейтинги көтөрүлгөнү байкалды. Өжөрлүгү, айтканынан кайтпаганы үчүн. Анан калса, былтыркыдай эле “Коммунисттердин” башчысы Исхак Масалиев да кошулуптур. Экөө тең жалтанбаган саясатчылар катары каршылык көрсөтүүгө баратышат. Булар регионалдык жактан добуштарды алуудан сырткары оппозициялык маанайдагы катмарды дагы өздөрүнө буруп кетүүгө далбасташууда. Сыягы, Акүйгө душман катары даап, баш көтөрө тургандар “Бүтүн Кыргызстанга” топтолуп аткандай… Бийликтин политтехнологдору каякты карап отурушат?

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *