Мадумаров: Ким мамлекетке чыккынчылык кылып, ким мекенине күйгөнүн тарых көрсөтөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кнын депутаты Адахан Мадумаров өзүнө карата козголгон иш тууралуу пикирин билдирип жатып, ким мамлекетке чыккынчылык кылып, ким мекенине күйгөнүн тарых көрсөтө турганын айтты.

«Мен айтпадымбы, мамлекетке чыккынчылык деген беренени койгондо шайтандын өзү деле чалкасынан кетсе керек деп Баардык нерсени күтсө болот, бирок бул нерсени күтүү мүмкүн эмес дегендей. Эми алардын абийринде болсун. Тарых көрсөтөт, ким мамлекет үчүн, эли, жери үчүн күйгөн инсан болгон, а ким тескерисинче ошол өз мамлекетине, элине, өз жерине чыккынчылык кылганын…

Бул беренени далилдеш мүмкүн эмес. Күч ким тарапта болсо ошондой далилденип кете бергенге мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бирок, азыр депутаттык комиссия түзүлдү, ошол комиссия кылдат иликтегенден кийин менимче баары түшүнүктүү болот», — деди Мадумаров.

Аргумент.kg