Саясат

Мадумаров бийликти алыш үчүн Атамбаев менен биригеби?

Эгер Адахан Мадумаров бийликти алыш үчүн Атамбаевдин алдына чөгөлөп бара турган болсо, анда Мадумаровдо бет калбай калат. Анткени, Атамбаев бийлик башында турганда 2010-жылы  Убактылуу Өкмөт Мадумаровко бут тосуп добушу аз «Ата-Мекенди» өткөзүп салат да, «Бүтүн Кыргызстан» добуш топтосо да өтпөй калат. 2011-жылы президентке талапкер Атамбаев анын добушун тартып алып экинчи орунга калат. Ошого карабай Мадумаров Атамбаевке чөгөлөп барып, 2013-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын алып Анкарага кетет.  2015-жылы аны таштай качып Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы менен биригип парламенттик шайлоого дагы өтпөй калат. 2017-жылы президенттик шайлоодо Атамбаев аны көзгө илбей Бабановдон кийин үчүнчү орунга түшөт. 2020-жылы күзүндө Мадумаров элди добуш менен сатып алып жеңишке жетет. Бирок бийлик алмашып кетип, анын жеңишин жокко чыгарган. 2021-жылы январда алтынчы ирет жеңіилишке учураган. Эми кайрадан парламенттик шайлоого чыкты.

Ким бийлик берсе туйлаган Туйгунаалы Абдраимов 17-сентябрь күнү Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө тынчтык митингге чыга турганын жарыялаган. Бул кабар Ала-Тоонун койнуна желдей тарап, учурда тарапташтары арбып жатканын эшиттик. Митинг «Форумда» өтө турганы белгилүү болду. Туйгун мырза камактагы Атамбаевдин 65 жылдыгына үч жылкы союп, элге чай берүүнү ниет кылып жатыптыр. Сереп салуучулардын баамында, митингге келе турган адамдардын саны 10 миңге чейин жетери болжонууда. Башка да саясий күчтөр Туйгунаалы Абдраимов менен биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдү башташканы эмнеден кабар берет?

Сыягы, экс-президенттин туулган күнүндө олуттуу ураандар, талаптар айтылып, катуу дуулдашканы калды окшойт. Ушул иш-чарага Адахан Мадумаров да катышабы,аны мезгил көрсөтөр. Топ беренге татып, Толубай сынчыдай баа берген Туйгунаалы болсо туйлай баштады. Акаевдин тушунда ПАСЕКти колдоп, ченемсиз байлыкка жеткен. Бакиев келер менен Акаевди сатып БШК төрагасы, министр болуп туйлады. Убактылуу Өкмөт келер менен Бакиевди сатты, Атамбаевге досум деп жармашып кайрадан БШКны ээлеп, мактап-жактап президент кылды. Жээнбеков келер менен Атамбаевди жамандап жүрүп Чүйгө губернатор болду. Журналистке өңү суук экенсиң, маек бербейм деп опурулуп кызматынан кол жууган. Журналисттерде өчү бар Арслан Сартбаевди ресторандан жакалап, араң тирүү калган. Эми Атамбаевди кайра дос деп Туйгунаалы Абдраимов: «17-сентябрдан баштап тынчтык митинггине чыгабыз! Азыркы убакта көптөгөн адамдар, СДПК курамындагы партиялаштарым менен кеңешип жатам. 17-сентябрда Алмазбек Шаршенович 65 жашка толот. Ошондон баштап тынчтык митингине чыгабыз. Урааныбыз: «Алмазбек Атамбаевге жана башка саясий туткундарга боштондук!», «Өз ара тытышканды токтотуп, алдыга жылалы!», «Баарыбызга бир заман!».

«Бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат» деп Асанкалый боздогондой, «Бир бети сдпкчы, бир бети атамекенчи» Акаев, Момбековдор былтыр жан сактаткан Текебаевди унутушуп, Атамбаевдин алдына бара баштады. Атамбаев көчүктөрүнөн түрткүлөп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо кесиптештерибиз Жанар Акаев менен Рыскелди Момбековду СДПК фракциясынан депутат кылган. 2019-жылы эле Атамбаевди сатышкан СДПКчылар, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаев менен биригип, башаламандыктын башында турушкан. Алар ушул учурда абактагы Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыгышты. Анткени, Текебаев Германияга элчи болуп кеткен атпайбы. Эми аларга ким «эмчек эмизет» эле? Бул тууралуу журналист Алмаз Темирбек жазып чыкты. “Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаев Алмазбек Атамбаевге шашылыш кирип кетишти…”, – деп жазган ал.

Буга чейин Атамбаев менен Жанар Акаевдин ортосун кара мышык аралап, Жанар Акаев “балашка” деген атка конуп, бири-бирине душман болушкан. Рыскелди Момбеков болсо СДПКнын күчү жоголгон соң «Ата-Мекен» партиясына оогон. 2020-жылы күзүндө парламенттик шайлоого аттанып, Таласты кыдырып жүргөндө аны менен бирге жүргөн Элвира Сурабалдиева экөөнүн ортосунда ушак айтылган. Эми болсо Акаев, Момбеков Атамбаевге шашылыш кирип кеткени таң калууну жаратып жатат. Же Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков менен Атамбаев айласы кетип биригип жатышабы? Жанар Акаев Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сап башында турган.

Жогорку Кеңеш 2019 -жылы 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент укугунан ажыраткан. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берген. Жанар Акаев жана башка 102 депутат кол тийбестикти алып салуу боюнча добуш беришкен. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өлкөнүн экс-президентин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча көтөрүлүп келген демилге бышып, ага байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде каралган. Комитет “Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга киргизген өзгөртүүлөрдү жактырат.

Эң негизгиси – 12-берене жокко чыгарылган. 2011-жылы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке 12-беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жиберген болчу. Кийин 2014-жылы Адилет министрлиги ушундай долбоорду ЖКга жөнөтүп, бирок жетпей өкмөттө калып кеткен. Ошондуктан бул жаңылык эмес, бул мурунку адамдар өздөрү сунуш кылган долбоор.

Жанар Акаевдин пикири боюнча Атамбаев мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу залал тийгизген адам расмий бийлик укуктарын өз кызыкчылыгына колдонуу коркунучун жокко чыгаруу максатын көздөйт. Ошондой эле коррупциялык кылмыштарды кылган адам жазадан кутула албай турганын камсыз кылуу максатында тиешелүү өзгөртүү сунушталып жатат деген.

Мындан сырткары, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугун мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу, акысыз медициналык тейлөө нормаларын алып салуу тууралуу сунуштар бар. Экс-президентке карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирип ушул беренедеги бардык кепилдиктер токтотулган. Мыйзамдын 18-беренеси күчүн жоготту деп таануу сунушталып, ар-намысын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлгөн.

Негизи экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселе Бишкек Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) жаңылоо боюнча депутаттык комиссиянын тыянагы жарыяланганда көтөрүлгөн эле. Анда парламент кабыл алган токтомдо мурдагы президенттен мындай артыкчылыкты алып салуу боюнча мыйзам иштеп чыгуу каралган болчу.

Андан соң Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочулардын өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырган. Конституциялык палата парламент комитети жаңы жокко чыгарган “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесин Баш мыйзамга каршы келет деп таап, анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеген. Ошондон бери эле “бул мыйзам экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган” деген божомолдор айтылып келет. Анткени Кыргызстандын эгемендик тарыхында Сооронбай Жээнбековду кошкондо беш президент алмашса, анын алгачкы экөөнө – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге экс-президент макамы берилген эмес. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевге гана экс-президент деген макам берилип, алар мыйзамда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан пайдаланып келишкен.

Ал эми кол тийбестиктен ажыратуу аракеттери мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин учурдагы бийлик менен мамилеси начарлаган учурга туш келди. Ошондуктан айрым эксперттер “бул мыйзам долбоору кандай максатты көздөгөн күндө да “Атамбаевге каршы багытталды” деген шектенүүнү жарата берет” деген ойдо турушат. Ар бир жаран кылмыш кылса кандай гана болбосун сот алдында жооп бериши керек. Бул туура. Бирок акыркы саясий жараяндардын көз карашынан караганда “экс-президент” дегенде кимге багытталганы белгилүү болот. Башка мурдагы президенттер өлкөдөн чыгып кеткен. Убактылуу өкмөттү башкарып, экс-президенттикти алган адамдын жолу башка. Ошондуктан ал буга чейинки президентке тиешелүү болорун баары түшүнүп жатышат. Кандай гана максатты көздөбөсүн, ошондой түшүнүктү жарата берет.

Бул мыйзам долбоорун Алмазбек Атамбаевге байланыштыруу ту. Себеби, буга чейин 2011 жана 2015-жылы эки жолу “мыйзамдагы 12-беренени жана кепилдиктерди алып салыш керек” деп өкмөт парламентке сунуш кылган. Ал учурда белгисиз себептерден улам парламентте талкууланып келип эле кабыл алынбай калган. Ошондуктан азыр бул маселени ашкере саясатташтыруу туура болбой калат.

Адамдын тагдырын оорлоштуруп, кылмыш боюнча чараны күчөткөн нормалардын артка күчү жок болушу керек. Бул мыйзамда андай белгилер жок. Ошондуктан “кабыл алынган күндөн тартып гана күчкө ээ болот, мурдагы иштерге таасири болбойт” деген туура эмес.

2019-жылы 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү. комиссиянын 12 мүчөсүнөн 10у келип, экөө келген жок. Жыйындын жүрүшүндө Атамбаев учурунда камалган саясатчылар экс-президентке бир топ айып тагышты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин Жогорку Кеңеш 27-июнда жалпы жыйында караган. Белгилүү болгондой, 2 профилдик комитет Башкы прокуратуранын корутундусун колдошкон. 25-июнда экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүм чыгып, аны ал кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тааныштырган. Жамшитовдун айтымында, депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылды.

Калган беш айып боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылды. Алар – «Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганын билдирген.

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан.

Жогорку Кеңеш өз ишин аяктаганына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабеков басма сөз жыйынын өткөрүп жатып Атамбаев жөнүндө билдирген. Жогорку Кеңеш 2019 -жылы 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент укугунан ажыраткан. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берген. Дастан Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламент өз ишин аткарганын, мында мыйзам бузуу болбогонун айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *