«Мадина» базарынын кожоюну Салимовдун уулуна да сыртынан айып тагылды

«Мадина» базарынын кожоюну Салимовдун уулуна да сыртынан айып тагылды

22-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимовдун уулу Салимов Ильшат Турсунтаевичке издөө жарыяланды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан Салимов Ильшат Турсунтаевичке төмөнкү беренелер менен айып тагылып, издөөгө алынды.

263-берененин 1-бөлүгү («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо»);
224-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү («Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү»).
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ильшат Салимов К. Көлбаевдинн таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өзүнүн өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, кирешесинен жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган дешет комитеттен.

Мындан тышкары И. Салимовдун курулуш компанияларында үлүшү бар.

Булак: Аргумент кж