Маданият министрлиги эки телеканалга айып салды

Маданият министрлиги эки телеканалга айып салды

11-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Маданият министрлиги кыргыз тилинде маалымат таратуу боюнча норманы аткарбаган эки телеканалга айып пул салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө «312 кино» жана «312 ТВ» телеканалдарында «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын талаптары сакталбагандыгы аныкталган. Бул телекомпаниялардын ар бирине 23 миң сомдон айып пул салынган.

Ошондой эле текшерүүгө алынган «312 Музыка», «НТС» (Жаша), «Кью спорт» (Q-Sport Arena), «Бакайнур-Мега» (Next TV), «Тумар ТВ» телеканалдарында мыйзам бузуулар табылган эмес.

Булак: Аргумент кж