«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

  Быйыл 11-классты аяктайм. Келечекте программист же тилчи болгум келет. Башкалардын айтымында мен “нитороокмун” (күлүп). Өзүм болсо андай ойлобойм.

Болгону түнгө чейин көчө таптабайм, кичинекей класстарга чоңдугумду салбайм, оозумдан жаман сөздөр чыкпайт, кыздарга тийишпейм, тапшырмаларды дайыма аткарам.

Жылдын башында биздин класска жаңы окуучу кыз которулуп келген. Сулуу. Татынакай. Акылдуу. Эми, сулуу дегеним — жөнөкөйлүгү, татынакай дегеним — боорукерлиги, акылдуу дегеним — ойлонуп мамиле кылганы. Бул саппаттарын онлайн окуп жүргөндө эле байкагам. Мектепке бара баштагандан кийин чындап эле ынандым.

Ошондо ичимде ал кызга болгон башкача сезимдер ойгонгон.

Ар бир класста  “өзүн мачо, красавчик” сезген бала болот го. Ошондой классташымдын аты Азамат. Мен тымызын жактырып жүргөн Мирага жабыша берет. Берки партада олтуруп алып кызганам. Мира Азаматка көңүл деле бурбайт. Сүйлөсө, жабышса маани бербей коет.

Мен суроо менен кайрылып калсам чын дили менен жооп берет. Кээде теманы түшүнсөм деле сурай берем. Ээринбей түшүндүрөт. Ал дагы мени жактырып калса керек ээ?

Жакында эле мектептен кийин үйүнө узатып баргам. Аны классташтар көрүп калган окшойт. Эртеси “чоңоюп калгансыңго, ал сени карабайт”, деген шылдың аралаш тамашалары менен тосуп алышты. Мен алардын сөздөрүнө маани деле берген жокмун. Анткени Мираны чындап эле жактырып калдым. Же сүйүп калдым. Кандай десем, ичимде башкача сезимдер жашай баштады.
Мирага жолукканга чейинки планыма бирөөнү сүйүү, мамиле куруу кирген эмес. Пландар өзгөрүлдү. Эми жактырган адамыма жетүү, анын көңүлүн алуу аракетин көрө баштайм. Биринчи күнү апамдан шоколадга акча сурайт окшойм.
Кандай ойлойсуңар мен сүйүүмө жетемби?
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg