Казакстандагы башаламандыкты Беларусиянын президенти Александр Лукашенко үйрөтүлгөн топ деп атап, эми жөн гана тарап кетишин талап кылып кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Толкундоо жасап жаткан элге кайрылгым келет. Аларды атайын үйрөтүлгөн топ деп айтат.  Чыр чыгардыңар, кыйкырдыңар болду эми токтоткула. Баары алыска кете электе токтотуш керек»,-деп, президент Касым Жомарт-Токаев менен бир келишимге келип, тынчтыкта жашаса боло турганын баса белгилеген.