Лимонду ашыкча колдонуу ден соолукка зыян

Лимонду ашыкча колдонуу ден соолукка зыян

29-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Күндүн ысыгында лимондуу суу ичүүнү адат кылып алгандар көп. Бирок лимонду кандай сууга кошуп ичүү тууралуу көпчүлүктүн кабары жок.  Айрымдары ашыкча салмакты таштоого аракетинде лимондуу сууга басым жасашат. Чындыгында лимон кошулмалуу суу  ден соолукка канчалык пайдасы бар жана кандай сууга кошуп ичүү керектигин биле бербейбиз. 
— Кайнатылган лимон кошулган суу рак оорусун алдын алат, ден соолугуңузду бекемдеп, жашоңуздун узарышына салымын кошот.
— Дайыма кайнатылып муздаган сууга лимон кошуп ичкен адам оңой менен рак ооруларына кабылбайт, анткени ал денедеги рак клеткаларын өлтүрүп тазалап турат. Суудагы кычкыл даам зыяндуу шишиктин өсүп кетүүсүн көзөмөлдөп турарын окумуштуулар айтып чыгышкан.
-Сиз жөн гана муздак сууга лимон ширесин кошуп ичип келсеңиз, денеңиздеги С витамини толук. Анткени сиз суу менен кошо С витаминин кабыл алып келесиз.
— Лимон кислотасы жана лимон ширесиндеги полифенол жогорку кан басымды түшүрүүгө жардам берет. Түпкүрдөгү кан тамырларда тромбоздун пайда болушун алдын алып, кан айланууну жакшыртып, тромбдордун пайда болуу коркунучун азайтат.
-Ичеги карындын иштешин жөнгө салып, тамак сиңирүүдө негизги жардамчы.
Бирок лимон сиз билгендей эле дайыма жакшы касиеттерди бере бербейт, ашыкча колдонууда ден соолугуңузга зыяны да тийиши мүмкүн.Лимондун даны уулу, варенье жасаган учурда же башка колдонуу учурунда данын алып салыңыз. Лимон кошулган чай же суу ичкенден кийин оозуңузду чайкаңыз, анткени кислота ашказандын былжыр челине жана тиштин эмалына таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгерде аллергияңыз болсо анда таптакыр колдонуудан баш тартканыныз туура. Бул жемиштерди цитрус мөмөлөрүнө аллергиясы бар адамдар, бөйрөк оорусу барлар, кош бойлуулар, бала эмизген энелер колдонбой эле койгону абзел.  Мындан сырткары лимон ичегини жана ашказанды дүүлүктүргөнү үчүн, бул органдарда дарты бар адамдарга сунушталбайт.