Ленин райондук сотунун судьясы пара менен кармалды

Ленин райондук сотунун судьясы пара менен кармалды

17-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, сот кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн пара талап кылган.

Такталгандай, Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 доллар пара талап кылып, акчаны алып жатканда кармалды. Ошондой эле ортомчулар катары иш алып барган судьянын жардамчысы Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды.

Ииликтөөнүн жүрүшүндө судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылар аныкталды. Которулган акчаларды судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. алып турган.
Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге абагына камака алынды.

Булак: Аргумент кж