Ленин округунан жалалабаддык талапкер жеңишке жетеби?

Ленин округунан жалалабаддык талапкер жеңишке жетеби?

24-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Бир мандаттуу Ленин округунан Жалал-Абаддан келген талапкер өтө турганы коңгуроо катары кагылганы кандай? Буга чейин башкалаанын Свердлов районунан Шайлообек Атазовду өткөрүшсө, эми ийгилик кезектешип жылмаябы? Кызык суроолор бекен? Дал ушул жагы саясый элита ичинде талкуу жаратып, ар кандай түкшүмөлдөргө “жем” таштоодо. Ошондо Ленин округунун мандаты алдын ала эле кимге берилери чечилип калганбы? Анда эл эмне дейт? Айтор, “концерттин” баары алдыда окшойт…

«Азия Ньюс» гезити