
Лейлектин Мурас айылында 22 млн сомго спорт комплекс курулат
20-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЛейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы Мурас айылында курула турган спорт комплекстин пайдубалына капсула салуу аземи болду.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аземге 19-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева катышты.
Айыл тургундарынын саламаттыгын чыңдоодо курула турган спорт комплексинин мааниси чоң экенин белгилеген депутат Камила Талиева: «Имаратты тез арада бүткөрүп, пайдаланууга берүү зарыл», — деди.
Белгилей кетсек, спорт комплексинин курулушуна мамлекеттен жалпы 22 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Мындан тышкары эл өкүлү жергиликтүү тургундар менен да жолугушуп, социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөрдү талкуулады
Булак: Аргумент кж