
Лейлекте нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, мал-жандык акты
08-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваНөшөрлүү жаан-чачындан улам Лейлек районундагы Катраң айыл өкмөтүндө сел жүрүп, мал-жандык акты. Маалыматты ӨКМдан билдиришти.
Кечээ, 7-июль күнү саат 15:00 чамасында Катраң айыл өкмөтүнүн аймагында жаан жаап, Баул айылындагы сел келүүчү сай аркылуу сел суулары түшкөн. Ички чарбалык жол катары пайдаланылган сайдын айрым жерлери бузулган. 2 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген.
Айыл өкмөт башчысынын маалыматына караганда, 1 бодо мал жана 4 кой, эчкини сел суулары агызып кеткен.
Учурда сел суулары токтоп, жол каттамы үзгүлтүккө учурабаганы белгилүү болду.
Булак: Аргумент кж