Быйыл кызым 25 жашка толуп жакшы жаманды толук тушунуп калган жашка келди. Бирок ушуга чейин кызымдын жытына караанына зар болуп келдим. Азыр жолуккум келет бирок ал мени кечиреби? Кандай кабыл алат? -деген суроолор жүрөгүмду өйүп келет.

Он жети жашымда мени тааныбаган бирөө алакачып кетип бир жыл аран жашагам. анткени ал адам мага кол көтөрүп туруп алган. Акыркы жолу башымды жара чаап ошондон улам бир туугандарым мени алып кетип калышкан. Кызымды болсо кайненем бешиги менен көтөрө качып бербей койгон. Ошол бойдон мага бир да жолу көрсөтүшкөн эмес. Туугандарым болсо чоңойгондо сени өзу таап келет деп сооротушту.  Он жылдан кийин турмушка чыктым. Ал адамдан беш балам бар. Бир кыз төрт уул. Жолдошум кашымда, балдарым жанымда болгону менен кызыма болгон кусам кеткен жок. Жакында эле кызым коңшу айылга турмушка чыгыптыр. Барсам кандай кабыл алат деп жатам.