
Кызыл-Кыяда мылтыкчан адам дүкөндүн ичинен бир жаранды атып салган
26-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБаткендин Кызыл-Кыя шаарында мылтык менен куралданган адам дүкөндүн ичинен бир жаранды атып салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Баткен облустук милициясынын маалыматы боюнча, аталган факт боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, 25-октябрь күнү кылмышка шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: Аргумент кж