Кызсайкал Кабылова: Туулган күнүмдү биринчилерден болуп кайненем куттуктады

Кызсайкал Кабылова: Туулган күнүмдү биринчилерден болуп кайненем куттуктады

31-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бугун, 31-октябрда өздук майрамын эстрада ырчысы Кызсайкал Кабылова белгилеп жатат. Ырчы бул жылы өздук майрамын жылдагыдай белгилебей турганын билдирди.
«Жыл сайын туулган күнүмдү дүңгүрөтүп, элдин баарын чакырып белгилечү элем. Быйыл биринчи жолу белгилебей жатам.
Биринчилерден болуп апам (кайненем) куттуктады. Андан кийин кайним, жолдошум, ата-эне, бир туугандарым
улантышты. Маанайым сонун. Түнкү 12ден бери менин дарегиме мыкты каалоо-тилектер айтылып жатат. Учурдан
пайдаланып ар бирине ыраазычылык билдиргим келет. Кичинекей кезимде туулган күнүм менен куттуктап келген
коноктордун белектерин карап, жакса уйгө киргизип, жакпаса киргизбей койчумун. Жакындарым бүгүнкү күнгө чейин ошону
эстеп күлүп калышат» — дейт ырчы.

Булак: Аргумент кж