
Кызматтык батирди бөлүштүрүүдө ИИМдеги адилетсиздик тууралуу айтылды
20-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваИчки иштер министрлигинин кызматкерлерине курулган батирлерди бөлүштүрүүдө адилетсиздикке жол берилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова билдирди.
Анын айтымында, батир алууга тизмеде турган кызматкерлердин орду алмашып кетип жатат.
Депутат Ош облустук ички иштер башкармалыгындагы батирлерге байланыштуу окуя Бишкек менен Чүйдө кайталанып калары мүмкүндүгүн эскертти.
“Ошто кызматтык үйлөрдү бөлүштүрүүдө сый акы үчүн тизмеде жок кишилерди кошуп койгон бөлүм жетекчиси менен анын орун басары кармалды. Азыр Бишкекте Калык Акиев көчөсүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн беш кабаттуу үй салынып бүттү. Ал жерден батир алууга кезекте турган карапайым, көп балалуулар артка жылып, жетекчилердин жакындары, туугандары, жакшы көргөн кызматкерлери алдыга жылып калып жатат. Бишкек менен Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери мага кайрылды. Алардын арызы Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дагы жөнөтүлгөн ”, — деди Айгүл Айдарова.
Булак; Аргумент