Коом

Кызганычтан аялын өлтүрүп салды

Кызганычтан улам аялын өлтүрүп салган. Бул тууралуу Газета.ру басылмасы жазып чыкты. Маалыматта, Москва шаарынын укук коргоочулары 12-сентябрынын таңында Маршал Тухачевский көчөсүндө жайгашкан батирде жашаган 53-жаштагы жаран 39 жаштагы аялын кызганып ортодогу чырдан улам атып салган. Тез жардамды да өзү чакырган бирок аялдын алган жаракаты оор болгондуктан тез жардам келгенче эле каза болуп калган. Милиция кызматкерлерине аялын ашыкча катуу сүйөрүн айткан. « Мен кандай жаза болсо да алууга даярмын. Аялымдын өлүмүнө мен күнөөлүмүн, кечирилгис күнөө кылдым. Өзүмдү актоого аракет кылбайм. “- деп сотто жооп берген. Сурак учурунда кылмышка шектүү жаран аялын кызгангандан улам чырдан чыкканын айтат. Эки ай мурун аялынын телефонунан аялынын жазышкан каттарын окуп калат. «Мен өтө кызганчаак адаммын. Биринчи аялым менин көзүмө чөп салып үй бүлөм бузулган. Экинчи үй бүлөмдү да бузууну каалаган жокмун. Аялым акыркы күндөрү телефонуна парол кое баштады. Пирамида болгон компанияга киргени тынымсыз чалуулар түшө баштады. Бул мени кызганууга түрттү»-деп жооп берип күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Аргумент.кж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *