Коом

Кыздын кереги жок аборт кылдыр деп жатат

Саламатсыздарбы эжекелер. Ичимдеги арманымды сиздерге гана айта алам, менин үнүмдү уга турган менде бир тууган эже, жеңе жок. Баары алыста иштешет. Беш жыл мурун турмушка чыккам. Кайын журтум менен чогуу турам. Эки кызым бар, улуусу бала бакчага барат. Экинчиси болсо эки жарымда. Кош бойлуу кезде токсикоз болуп өтө оор өтөт. Эки кызымда жеңем Кыргызстанда болуп калып, ал үйүнө алып кетип тыңып келгем. Кыздуу болгондо кайненем элдин келини эркек төрөйт экен кыздан жутап калгансып деп көпкө сүйлөндү. Азыр үчүнчүм боюмда бар. Үй оокатын мурдагыдай кыла албай жатып калып, тамакты таптакыр жасай албай көңүлүм айнып жатат. Эки жолу жыгылып калып, мени көзөмөлгө алган дарыгер азыраак кыймылда деген. аны уккандан баштап кайненем мени урушуп жатат. Үчүнчүмду алдыртып сал бизге кыздын кереги жок, уул болбогондон кийин деп күндө мени аборт кылдырууга мажбурлайт. Мен болсо бул баламды уул же кыз болсо да төрөгум келип жатат. Эмне кылсам болот?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *