Коом

Жигитим “кыз эмес турбайсыңбы”-деп, мени ара жолдо таштап кетти

Мен 17 жаштамын. 4 айдан бери айылдаш өзүмдөн 9 жаш улуу жигит менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жатканбыз. Атаман, байкемен көрбөгөн мээримди ушул жигиттен көрдүм. Ал аябай камкор, мени элден башкача мээрим төгүп карайт.
Ошол себептенби мен ага байланып, аны катуу жакшы көрүп калдым. Экөөбүз бир айылдан болгондуктан элден жашырынып кечинде жолукчубуз. Айыл кичинекей элдин баары бири-бирин тааныйт да. Айыл тынчтанып, элдин баары уйкуга кеткенде биз Эрлан экөөбүз жолугуп, сүйлөшүп олтурчубуз. Биринчи жолку өбүшүүм, жигит менен кучакташканым Эрлан менен болду. Буга чейин бир да жигит менен кол кармашып да жүрбөгөм. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө 4 ай болгондо күндөгүдөй эле кечинде жолукканбыз. Мектептин багында көк чөптө сүйлөшүп олтурдук. Мен чынында бир аз уялчаакмын. Көздөрүбүз тиктешип калса көзүмдү ала качам.

Анан Эрлан: -“Эмнеге уяла бересиң? Эркин болчу жанымда “-деп калды.
Мен: – Уялбай эле…
Ортодо жымжырттык уялады. Саат түнкү бирлер чамасы.
Мен: – Мен барайын ээ. Эртен мектепке эрте барышым керек.
Эрлан: -“ Жоок козум “- деп кучактап өзүнө тартты! Жылуу кучагына кичинекей болуп кирип кеттим. Өөп жыттап кирди. Каршылык көрсөтбөдүм. Чөпкө жаттык. Кулактарымдын жандарынан, моюндарымдан өпкүлөгөндө өзүмдү билбей бараттым. Ич кийимдеримди чечип баштаганда өзүмө келе түшүп, каршылык кыла баштадым.
Мен: – Жөнүңүз! Токтотолу! Мындай кылалбайм!
Эрлан: – “Эч нерсе болбойт жаным. Мен сага үйлөнөм да. Суранам каршылык көрсөтпө! Баары жакшы болот. Коркпо”- деп кулагымдын түбүндө шыбырап өпкүлөп жатты. Мен кайрадан өзүмдү жоготуп, сүйүүгө мас болуп жатып калдым. Баардык кийимдеримди чечип ………

Бир убакта Эрлан шарт туруп кийимдерин кийе баштады. Мен да эч нерсени түшүнбөй туруп кийиндим. Эрлан башын кармап сүйлөбөстөн жерди тиктеп отура берди. Мен такыр эч нерсени түшүнбөдүм. Сурай да албадым.
Ортодогу жымжырттыкты бузуп, Эрлан: “Ким менен болдуң эле? Кыз эмес турбайсыңбы!”-деди.

Менин башыма таш чапкандай эле болду.
Мен: “Кандайча? Сиз эч нерсе кылбадыныз го…? Кыз эмес деп эмнеге айтып жатасыз? “- деп суроолу таңдана карап калдым.
“Кыз эмес экенсиң, мен эмне билбейт белем”- дегенде, аябай жиним келип, ордуман туруп үйгө карап басып кеттим. Артыман келет деп күттүм , бирок келбеди.
Мен эч жерим оорубаганынан ушундай абалда элем. Жеңелеримден укчумун да “биринчи болгондо аябай ооруйт”-деп! Көрсө, Эрлан кылчусун кылган экен…
Бирок менде такыр ооруган жок жана кан болгон жок. Чынында менин биринчи эркектин алдына жатканым ушул болчу!
Үйгө келип ич кийимдеримди текшердим кан көрбөдүм.

Ошодон кийин Эрлан менден алыстады. Мен ага жазам, жазбайт. Актанам-ишенбейт! Эмне кылаарымды билбей коркуп жашап жатам. Мектепке барам, классташтарым билип калабы деп коркуп, эч ким менен сүйлөшпөй үйгө келем. Үйдө да эч ким менен сүйлөшө албайм. Класс жетекчи мугалимим курбу кызыман сураптыр “ баары жайында элеби? Эмне болду буга? Бир нерсе болгон!”-деп.
Аябай коркуп жатам……

Биринчи төшөктө болгондо оорубай, кан чыкпай калуусу мүмкүнбү? Кимде ушундай болду эле? Эрланды кантип ишендирсем болот? Же мен дале кызмынбы? Сураныч мага жардам кылып, кеңеш бериниздерчи. Аябай коркуп жатам!!!

Наргиза

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *