Дүйнө кабарларыКоом

Кытай жаңы вирустун пайда болуу коркунучу бар экенин эскертти

Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун башчысы Гао Фу адамзат келечекте сөзсүз жаңы вируска кабылаарын айтып, убакыт барда ага каршы чараларды даярдоо үчүн өз ара аракеттенүү принцибин сунуштады.

Бул тууралуу ал “Коомдогу илим жана технология” Киото онлайн форумунун алкагында айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүүгө карабастан, келечекте дүйнө сөзсүз түрдө өзгөчөлүктөрү азырынча эч кимге белгисиз болгон “X вирусуна” туш болот. Ал каалаган убакта жана каалаган жерден чыгышы мүмкүн.

Гао Фу адамзаттын келечеги үчүн көйгөйдү биргелешип чечүү зарылдыгына токтолуп, “Пандемия учурунда маалымат алмашуу өзгөчө мааниге ээ. КЭРдин маалымат алмашуусу дүйнө окумуштууларынын вакцинаны кыска убакыттын ичинде иштеп чыгуусуна мүмкүндүк берди”, – деди.

Буга чейин АКШнын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси Энтони Фаучи илимпоздор кийинки пандемияга даярдануу үчүн бир катар чараларды көрүшү керектигин эскерткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *