Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан кайрылууда мамлекет жетекчиси кыргыз милициясы канчалаган оор сыноолорго татыктуу туруштук берип келе жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө дагы элдин бакубат турмушун камсыз кылуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып күнү-түнү иштеп жатканына ыраазычылык билдирген.
«Маркум баатырларыбыздын үй-бүлөсү жана жакындары дайыма мамлекетибиздин көңүл борборунда болуп, камкордукка алынат. Мамлекет тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жана экономикалык жактан колдоо жана коргоо багытында бир катар максаттуу иштер жасалып жатат. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылды. Ошону менен бирге эле министрликтин, айрыкча алыскы аймактардагы түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууга олуттуу көңүл бурулууда», — деген Жапаров.
Биз дагы бүгүнкү мекенибиздин коргоочулары,элибиздин,жерибиздин коргоочулары ички иштер органдарынын кызматкерлерин чын дилибизден куттуктайбыз!!!Аргумент.кж сайтынын жамааты.