«Кыргызстандын аброю түшүп бара жатат». Атамбаев бийликке кайрылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясындагы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, социалдык тармактардын баракчасы аркылуу бийликке кайрылуу жасады.

Куттуктоонун текстин толугу менен беребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Ошентип, 2022-жыл да бизден узап бара жатат. Жакшы нерселер көп болду. Жаңы үй-бүлөлөр түзүлдү, балдар төрөлдү, бирок чечилбеген көйгөйлөр жана чыр-чатактар андан көп.

Репрессиялык аппараттын күчөшү, башкача ой жүгүрткөндөрдү, өз пикирин ачык айткандарды жана журналисттерди куугунтуктоо, мыйзамдын алсыздыгы өтүп бараткан жылы өзгөчө байкалды.

Мунун баары Кыргызстандын эркиндик аралы деген аброюн түшүрүп, ички карама-каршылыктарды, өз ара кастыкты күчөтүп, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын өлкө жетекчилери түшүнүш керек.

Элибиз жана бийлигибиз эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жолуна кайтып, улуттук ынтымакка жетишет деп дагы да ишенем. Мажбурлоо жана репрессия менен эмес, бийлик менен оппозиция, жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары ачык-айкын сүйлөшүп, бири-биринин пикирин урматтап, угуп баштаганда гана бул жолду кайра табабыз. Ошондо гана өнүгүү болот. Ошондо гана элдин чыныгы жаратман духу жанат.

Жараткан Кыргызстандын элине кооз жерди, мол сууну тартуулаган. Бизде таланттуу адамдар көп. Тынчтык жана адилеттүүлүк, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо камсыз кылынса, биз албетте ийгиликтүү, өнүккөн өлкөгө айланабыз. Бириксек колдон келет!

Жаңы жылды утурлай, ар бирибиз бала кезден пайда болгон келе жаткан кереметтин укмуштуудай жылуу сезимине кабылабыз. Бардык кыялдарыбыз орундалат деп ишенебиз! Ошондуктан жаңы 2023-жылы ар бириңиздин эң асыл тилек, оюңуз кабыл болсун! Сиздерге чың ден соолук жана бакыт каалайм! Үйүңүздөр жарык, жылуу болсун! Өлкөбүзгө жана ар бир үй-бүлөгөө тынчтык жана бакубатчылык каалайм!

Жаны жылыңыздар менен!», — деди Атамбаев.

Аргумент.kg