Кыргызстандыктар 5 күн эс алат

Кыргызстандыктар 5 күн эс алат

02-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

 Бул иш жума кыска болот, тагыраагы, шейшембиден бейшембиге чейин гана уланат. Андан соң кыргызстандыктар катары менен беш күн — 5-9-май күндөрү эс алышат.
Мындай токтомду министрлер кабинети чыгарган.
Эс алуу күндөрү:

5-май (жума) — Конституция күнү;

6-7-май — ишемби жана жекшемби;

8-май (дүйшөмбү) дагы эс алуу күн деп эсептелген, бул күндү кийин 13-майда (ишемби) иштеп толтуруш керек болот.

9-май (шейшемби) — Жеңиш күн.

Эсептей келгенде, келе жаткан иш апта да кыска болот, тагыраагы, шаршембиден ишембиге чейин гана жумуш күн деп эсептелет.

Булак:Аргумент кж