Кыргызстандык жаран россиялык кызды өлтүргөнүн мойнуна алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган кыргызстандык А.И. аттуу мигрант күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты. Эске салсак, Россия ИИМинин аталган калаадагы башкы башкармалыгына  24-ноябрь күнү Приморье районунун полициясына 39 жаштагы киши кайрылып, ал 27 жаштагы тааныш кызы дайынсыз болуп жатканын айткан. Көп өтпөй шектүү катары 41 жаштагы кыргызстандык кармалган. Кыздын сөөгү 25-ноябрда өзүнүн үйүндө табылган. «27-ноябрда Санкт-Петербург шаарынын Приморье районунун укук коргоо кызматкерлери Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин негизинде 1981-жылдын 5-мартында туулган Кыргызстандын А.И. аттуу жаранын кармаган.  Кармалган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алды», — деп айтылган элчиликтин маалыматында.

Аргумент.kg